Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас орто мектебинде «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну өттү. «Акыл ордого» Сумбула айыл аймагындагы алты мектептин окуучулары катышып, 1-орунду Көк-Таш айылынан келген Саттаркулов мектебинин окуучулары алса, экинчи орунга ошол эле айылдын Боронбаев мектеби ээ болду.
Бүгүн Манас орто мектебинде «Акыл ордо» интелектуалдык оюну өткөрүлдү.
Интелектуалдык оюнга Сумбула айыл аймагындагы орто мектептердин окуучулары катышты.
Сынакка катышкан мектептер: Манас, Андарак-1, Андарак-2, Сары-Дөбө, Көк-Таш айылынан Боронбаев жана Саттаркулов орто билим берүүчү мекемелери болду.
«Акыл ордодо» предметтик сабактар жана логика боюнча суроолор берилди.

Оюн 3-турдан турду. Алты мектептин төртөөсү 2-турга өтүп, 2-турга экөө өтүштү. 2-турга Манас жана Андарак-2 мектептери өтпөй калды. Калган төртөө экинчи турда өз билимин сынашты.
Ал эми 2-тур да жыйынтыкталып, 3-турга Сумбула айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Саттаркулов жана Боронбаев мектептери өтүштү. 3-турда 1-орун үчүн Саттаркулов орто мектеби менен Боронбаев орто мектебинин окуучулары ат салышты. Жыйынтыгында Саттаркулов мектеби 1-орунду ээледи.

«Акыл ордо» интеллектуалдык оюнунун катышуучусу Гүлкайыр Жороева «суроолор мен ойлогондон да татаал экен. Биздин Манас орто мектебибиз 1-турдан эле калып калды. Өзүм да кичине сүрдөдүм окшойт» деген оюн билдирди.
Даярдаган: Гулина Суеркул кызы
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн