Түп районуна караштуу Тасма айылында ыр кесе майрамы уюшулабы, деген суроого жергиликтүү бийликтен жооп издедик. Жергиликтүү бийликтин ыр кесе майрамын уюштуруучусу Динара Сыдыкова менен маек курдук.
Саламатсызбы? Айылда ыр кесе майрамын өткөзүүдө эмне тоскоолдуктар бар?

— Эч кандай тоскоолдуктар жок. Ар бир айылда өткөзүлүшү керек. Бул Кыргызыстандын маданиятын көтөрүүгө эң зор мааниси бар.
Ушул учурга чейин ыр кесе майрамы өткөзүлгөнбү?
— Ооба ар дайым өткөзүлүп келет.
Кайсы айылда өткөзүлөт?
— Үч айылда тең өткөзүлөт. Тасмада, Чоң-Тогузбайда, Токтаянда.
Майрамды алдыда өткөзүү планы барбы?
— Ооба бар. Ыр кесе майрамын Токтоян айылында өткөзүүнү пландап жатабыз. Себеби Тотоянда клуб бар болгондуктан ошол жерде өткөзөбүз.

Өткөзүүгө канча каражат керек?
— Өткөзүүгө көп эле каражат керек. Бирок бизде жетиштүү. Ар кандай жабдыктар, шаймандар жана формалар керек. Бизде азыр бары бар, жетиштүү.
Маегиңизге чоң рахмат!
Даярдаган: Асел Мамытова, Жибек Мелисова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн