Түп районуна караштуу Тасма айылында балдар бакчасы ачылды. Учурда бакча ата-энелер тарабынан каржыланып жатат.
Негизи бала бакча долбоордун негизинде ачылмак. Бирок долбоордун негизинде акча кийинки жылдын январь айында келет. Ага чейин убактылуу ата-энелер тарабынан каржыланууда.
«Ананай» бала бакчасынын жетекчиси Мадина Абдылдабекованын билдирүүсүндө, бакчада балдар мектепке чейинки билим алышат.

«Бакчанын ачылуусу менен балдар көп нерсени айырмалоого, сылык мамилеге жана чогуу болууга үйрөнөт. Бул жерден чогуу ойношот. Мультфильмдерди көрүшөт. Мектепке чейин да дайындалып калат. Учурда 2-3 жаштагы балдар келүүдө», — дейт ал.
Ал эми долбоорду жазган Кундуз Шалтабаеванын айтымында, учурда балдар бакчасына оюнчуктар керек.
«Бала бакча азыр ата-энелер тарабынан ачылууда. Долбоордун негизинде акча канчан келери белгисиз. Бакча учурда туалетке жана оюнчуктарга муктаж», — деди ал.

Ал эми айыл тургуну Анара Султанова «кызыбыз бала бакчага барып күндө үйрөнгөндөрүн айтып берип атат. Күнүнө үч саат барып келет. Жеткирип алып кайра алып келебиз. Азыр айына 200 сом төлөп жатабыз» деп айтып өттү.
Даярдаган: Айдана Саякова, Жибек Мелисова, Касиет Жеңишбекова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн