Лейлек районунун Андарак айылындагы күрөш залынын ачылганына бир жыл болду. Учурда күрөш залында 40тан ашык бала машыгууда.
Андарактагы күрөш залы 2015-жылдын 4-ноябрында ачылган. Ушул убакыттын ичинде спортчулар бир топ тажрыйба топтоп, райондук мелдештерде ийгиликтерди багынтып келет.
Бул залда кыргыз улуттук класикалык күрөшү боюнча машыгуу өтөт.
Машыктыруучу Бекатан Батыров алдыда өтө турчу мелдештерге даярданып жатышканын айтат.

— Күрөш залынынын ачылганына 1 жылдай болуп калды. Азыркы кезде Кудайга шүгүр балдар күрөштү өркүндөтүү үчүн катуу машыгып жатышат. Бул убакытта балдар классикалык күрөш боюнча бир кыйла тажрыйба топтоду десем болот. Учурда балдар алдыда боло турган мелдештерге даярданып жатышат. Жакынкы мелдеш 3-декабрда өтөт. Муну менен эле мелдештер чектелбейт. Алдыда, буюрса көп мелдештер бар. Биздин максат — келечекте ушул балдар бүт Кыргызстага белгилүү балбандардан болуп чыгышын каалайбыз. Азыркы кезде балдарда жылыш аябай жакшы болуп жатат.
Азыр балдар райондук жана башка мелдештерге даярданып жатышат. Күрөш залында эки тайпа машыгат. Биринчи тайпада 5-класска чейинки балдар болсо, экинчисинде 6-класстан өйдө.

Даярдаган: Мунара Мамадалиева
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн