«Сумбула FM» жамааттык мультимедиа борбору 2015-жылы маалымат бюллетенин чыгаруу боюнча долбоор жазган. Долбоор ийгиликтүү өтүп, 2016-жылдын июнь айынан тарта айылдык кабарчылар бюллетень чыгарып, айыл тургундарына маалыматты жеткирүүнүн дагы бир жолун пайдаланууда.
Бюллетендер боюнча «Сумбула FM» ЖМБнын координаторунун орун басары жана редактору Камбар Асан уулу менен маек курдук.

— Бул бюллетендерди элге таратканда, элдер кубануу менен колуна алып, маалымат блютенин жактырышып «Сумбула FMдин» кабарчыларына чоң ыраазычылык билдирип жатышат.
Маалымат бюллетенинде Сумбула айыл аймагында болуп жаткан кабарлар жазылып чыгарылат.
Айыл тургуну Мурадилла Сүйүнөвдүн ою боюнча, бул жакшы усул, анткени элдер үчүн оңой жана ыңгайлуу.
«Кээ бирлери мисалы карылар интернетке кире алышпайт да. Ошон үчүн аларга ушундай маалымат бюллетени аркылуу жаңылыктарды окуп турса, карылар да бүт жактан кабары болот», — дейт Сүйүнөв.
Маалымат бюллетенинде кабарчылардын телефон номуруна чейин жазылган. Эгерде окурман кошумча маалымат билгиси келсе, ошол номурларга чалып байланышса болот.
Даярдаган: Гулина Суеркул кызы
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн