Лейлек районунун Андарак айыландагы «Мурас» мончосу кайрадан иштеп жатат. Ал 1988-жылы ишке кирип бирок, кандайдыр бир себептерге байланыштуу ушул убака чейин пайдаланылбай турган.
Андарактагы «Мурас» мончосу 1988-жылы курулуп, ишке кирген. Ал жалпы мончо болгондуктан чоң. Кийин ал 2005-жылы кандайдыр бир себептерге байланыштуу кайра иштебей калган.
Азыр мончону ишке киргизген айыл тургуну Кылыч Самандаров буларды айтты.
«Мончо 2005-жылы токтун салыгы кымбаттап кеткендигине байланыштуу иштебей турган. Бул мончону кайра иштетип жатабыз. Ишемби күнү аялдар келет, жекшемби күнү эркектер келип жатат», — дейт Самандаров.
Учурда мончону айыл тургундары Эрнис жана Кылыч Самандаровдор иштетип келет.


Мончону жылытуу үчүн бир күндө төрт кап көмүр кетет. Мончонун ичинде төрт жылытуучу меш бар. Мончого түшүү акысы 50 сом.
Даярдаган: Мунара Мамадалиева
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн