«Балакай» театры мультфильм каармандары менен өзгөчөлөнүп Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы балдардын көңүлүн бурду.
Кулатов орто мектебине 18-ноябрда «Балакай» театры келип, окуучуларга жакшы маанай тартуулады. 1-5-класска чейинки окуучуларга арналган театрга 30 сомдон билет алып киришти.

Мектептин окуу иштери боюнча директордун орун басары Бурул Арыкованын айтымында, театр балдарды тарбия жана маданияттуулукка да чакырып, акыл-эсин жогорулулатуу максатында коюлган.
4-классынын окуучусу Адинай Абдыразакова буга чейин «Балакай» театрын шаарда көргөнүн айтат. «Эми болсо мектебибизде көрдүм. Мага жаккан каарман «Лунтик» да бар экен, аны да так өзүндөй кылып аткарып беришти», — дейт ал.


Даярдаган: Гулинур Нурманава
Редактору: Кызжибек Кушбакова
Сынак үчүн