Акырындап мектеп окуучуларынын жайкы каникулу бүтүп бара жатат. Биз окуучулар жайкы эс алууну кандай өткөзгөндүгү тууралуу маек курдук.
Сопиев мектебинин 3-классынын окуучусу Айгерим Кубанова быйылкы каникулда Ак-Суу районунда болгонун айтты.
«Мен каникулда тайатамдыкында болдум. Ал жерден күнүгө жаңы досторду таптым. Ошол учурда «Айт» майрамы болуп калып, көптөгөн үйлөрдү кыдырдык», — дейт ал.
Айыл тургуну Махабат Ахмеджанова жайкы эс алуу анча жакшы өткөн жок дейт.
«Быйылкы каникул да билинбей бүтүп калды. Негизи быйыл окуучулар анча эс ала алышкан жок. Себеби жаан болуп, көлгө бара албай калышты. Бирок ага карап олтуруп калбастан жибердик кичинеден эки жакка жибердик», — деп билдирди ал.
Ал эми 7-классынын окуучусу Ынтымак Бектемировдун айтымында быйылкы эс алуу жакшы болду дейт.
«Быйыл каникулда мен Каракол шаарына эжемдикине бардым. Бишкекке да бардым. Ал жерлерден көп нерселерди көрүп, жаңы достор менен тааныштым. Көлгө да барып эс алдым», — деди мектеп окуучусу Ынтымак.
Даярдаган: Жазгүл Нурбек кызы, Айдана Саякова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн
Н.С