Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинин жанына төрт бөлмөлүү мектеп курулууда.

Мектеп атайы кичүү класстар үчүн. Мектеп директорунун жазган долбоору боюнча салынууда. Бирок ичиндеги эмеректерди эл өзү камсыздайт.
Мектеп директору Гүлзат Сапарбек кызы «мектепте бөлмөлөр аздыгына байланыштуу долбооор жазганбыз, ошол долбоорубуз өттү» дейт.
1-класстан 4-класска чейинки окуучулар үчүн бөлмөлөр аздыгына байланыштуу жаңы мектеп салууга мугалимдер долбоор жазышкан. Аларга эртең менен саат 8:00де мектепке келүү кыйынчылыктарды жаратчу.
«Бул кошумча класстар октябрь айынын аягына чейин бүтмөк. Каражат кийинчэрээк берилгенине байланыштуу мектептин курулуу ишида артка жылды», — деп билдирди директор.
«Бул жерде 1 айдан бери иштеп жатабыз. Азырынча фундаменти куюлууда. Иш жакшы эле жүрдү. Ушул мектеп бүтүп калса, элибизге, өз бала-чакабызга деле жакшы», — дейт курулушта иштеп жаткан Ибраим Кокушов.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн