Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Убайдилла Рустамов айылдагы комуз жасаган жыгач уста. Комуз жасоо ал үчүн кесип эмес, ата-бабасынан калган өнөр.

Комуз жасоо чоң атасынан калган өнөр. Ал өзүнүн бош убактысын комуз, шашки, шахмат жана азем белектерди жасоо менен өткөрөт. Аларды жасоо үчүн кеткен материалдарды атайы башка жактан алдырат. Эмеректерди көбүнчө өрүктүн жыгачынан жасайт.

«Бул нерсе менен алектенгениме эки жылдан ашты. Чоң атам да жыгач уста болчу, өнөрүн мага калтырып кетти го деп ойлойм. Бул нерселерди жасоо менен мен өзүм ырахат алам. Бош убактарда бул иш менен алектенем. Бир комузду толук бүтүрүүгө бир ай убакыт кетет», — дейт Рустамов.

Ал жыгач уста эле эмес шахмат оюнун да билет. Ал көптөгөн сынактарда 1-орунду багындырып медаль, ардак грамоталары менен сыйланган.
«Жасаган эмеректеринин көбүн дос туугандарына белек катары берип жиберген. Кичүү неберелерибизге да кичүүрөөк кылып атайы комуз жасоодо», — дейт жубайы Тарпат Рустамова.
Сынган, бузулган комуздарды да оңдоо менен алектенет. Кээде жасаган комуздарын сатууга да туура келет. Бир комуздун баасы 2000-3000 сомго чейин. Ал сумма менен эле чектелип калбастан комуздун жасалышына карап 5000- 10 000 ге чейин болоорун да билдирди.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы