Куланак айылындагы айдоо аянтында эркин жүргөн жылкыларды көрүп, Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылынын кароолчусу Имангазы Кыдыралиев менен маек курдук.
— Саламатсызбы?
— Саламатчылык.
— Биз көрүп турган жылкыларды сиз кайда алпарасыз?
— Камайм, мурунку автогараж атайын камак үчүн берилген.
— Корук кайсы убакта башталат?
— Бизде айдап себүү башталгандан баштап эле корук башталат. Кыскасы 15–апрелден 15-октябрга чейин корук убагы.
— Айдоо аянтчаларын коруш үчүн сизге кандай шарттар түзүлгөн?
— Менин минип жүргөн атым айыл өкмөтү тарабынан берилген.
— Камактагы малды чыгарыш үчүн канча акы төлөнөт жана атайын айлык акы каралганбы?
— Ар бир бодо малга 100 сомдон. Мен болсо ошол мал ээлери төлөгөн акчадан гана акча алам. Атайын тариф менен мага айлык акы чектелбейт.
— Бир күндө канча мал камакка түшөт?
— Ар кандай. Кээде 30-40ка чейин камалат. Кээде такыр эле жок болуп калат.
— Корук экенин билип туруп мал ээлери карашпайбы?
— Карашат. Малдарыбыз тоодо деп ойлошот, бирок биякка көнгөн мал түшүп келе берет. Ошондуктан мал ээлери деле билбейт камакта экенин. Мисалы, бүгүн силерге атайын кайрылдык твиттерге кетиргиле деп. Себеби бир жумадан бери камактагы малдар бар, ачкадан өлмөк болгондо кулактандыруу жибердик эле алып кетишти.
— Баары эле акчаларын төлөп кетишеби?
— Жок, каяктан. Айылда акча жок да. Карызга деле чыгарып кетишет.
— Сиз айылда корукчу болуп канчадан бери иштейсиз?
— 13 жылдан бери корукчумун. Жумушум жай убагында эле (сезонный).
— Саламатта калыңыз.
Автор: Бекназар Дөлөтбек уулу
Сынак үчүн