Түп районунун Тасмада айыл тургундарынын көбү мал багуу менен алектенишет. Малдарын жайкысын жайлоого жиберишет. Биз быйылкы жылы малдар жайлоодон кандай келгендиги тууралуу сурамжылоо жүргүздүк.

Мал менен жайлоого чыккан Асыпбек Бакачиевдин билдирүүсүндө, быйылкы жылы жайлоо суугурак болгондуктан эртерээк түшкөн. Сууктан улам карышкырлар болуп жатты, бирок карышкырга алдырган жокпуз дейт ал.
«Быйыл мен элдин аманаты кой малы менен жайлоого чыгып келдим. Кудайга шүгүр жакшы барып келдик. Бирок жайлоо сууктугуна байланыштуу эртерээк көчүп келдик», — деп билдирди Бакчиев.
Ал эми айыл тургуну Акжолбек Шаршенбиевдин айтымында, быйылкы жылы малдары жайлоодон жакшы келген.
«Быйылкы жылы малдарым буюрса жакшы келди. Кайтарган кишиге эч кандай нааразычылыгым жок. Бирок эки коюм өлүп келиптир. Эмне оору менен оруганын билбейм, алып келери менен жерге көмүп салдым», — деп айтып өттү ал.
Ошондой эле айыл тургуну Акылбек Турсуналиев да быйылкы жылы малдар жайлоодон ойдогудай келгенин айтат.
«Быйылкы жылы менин жайлоого кеткен малым буюрса жакшы келди. Айтылган баа боюнча кайтарып келди. Негизи малды кайтарган малчыдан болот. Жакшы кайтарса жакшы келет», — деди ал.
Даярдаган: Нурпери Улан кызы, Канайым Жаныбек кызы
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн