Нарын районуна караштуу Учкун айылынын ардагер мугалими сегиз жылдан бери жер-жемиштерди өстүрүп келет. Жемиштерди өстүргөн жердин аянты 15 сотых. Ал жерге помидор, бадыраң, кулпунай, кызылча, перец, редиска, баклажан, чеснок сыяктуулар өстүрүлөт.

Өстүрүп жаткан жер-жемиштерге эч кандай жер семирткичтер колдонулбайт. Ардагер мугалим 34 жыл мектепте иштеп, эс алууга чыккандан кийин, бош убактысында жер-жемиштерди өстүрүү менен алек болот.

«Мен сегиз жылдан бери жер-жемиштерди өстүрүү менен алек болуп келе жатам. Бул ойду үй бүлөбүз менен кеңешип, ушуларды айдоону чечкенбиз. Жемиштер бышканда бадырандын баасын 25 сомдон түшүрбөйм, бадыраң жана помидорлорду үч күндө 30 килограммдан жыйнап алып турам. Кардарлар бышканда өзүлөрү келип алып турушат, ар бир келгендер кишилер жер-жемиштерди өз колдору менен терип алышат. Буюрса киреше өзүбүзгө да жакшы эле түшөт, канааттандыраарлык десем болот», — дейт Айна Алиева.
Учкун айылында ушундай иштер менен алектенген башка тургундар бар. Баарынын максаты — күнөскана куруу. Акча каражатынын жоктугунан көбү бакчаларына жер-жемиштерин өстүрүшөт. Эгер күнөскана курулса мындай жемиштердин түрү кышында да өстүрүлмөк.

Айна Алиева ушул жылдын 24-июнь күнү Нарын шаарына барып, «Элет жериндеги айымдардын иши» аттуу майрамга атайын чакыруу боюнча катышып келди. Бул майрамга Учкун айылы боюнча жер-жемиштерди мыкты өстүргөндүгү үчүн барды. Ошонун негизинде «Асылзат Нуру» деген төш белгиге ээ болду.
«Көптөн бери күнөсканага жетпей келем. Эки үч жолу миниистрликке бардым. Райондук акимге бардым, жардам беришкиле дедим, азырынча жыйынтык боло элек. Күн сайын сыналгыдан «Мыкты чарба» деген телеберүүнү көрөм. Ошонун негизинде аракет кылып кореялык теплица алайын десем, өзүңөр акча кошкула деди. Кореянын күнөсканасы бышыгыраак экен, ошого жетпей жатам. Буюрса күнөсканам болсо узундугу 25 метр, туурасы 4 метр болсо жакшы болмок. Күнөскана болсо кышында да бош отурбай жемиштерди өстүрүү менен алек болмокпуз», — дейт ал.

Азыр ал бир тонна помидор жыйнап, кээде күнүнө 250 килограммга чейин сатууда. Айтымында эгер күнөскана курулса, өзү менен тең курактагы 4-5 аялды алып келип жер-жемиш өстүрүп, иштей берээрин белгилеп өттү.
Даярдаган: Нурай Алмаз кызы, Акылай Качик кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн