Кошбулактагы Сүлүктү Педагогикалык окуу жайында 01.10.2016- жылы улгайган жарандардын күнүнө карата «Карысы бардын-ырысы бар» аттуу акция өтүп жатат.

«Биз негизинен педагогикалык багытта адистерди даярдаганыбызга байланыштуу мамлекетибизде белгиленүүчү ар бир даталуу күндөргө карата сабактан кийинки мезгилде иш чара өткөрөбүз. Улгайган жарандардын күнүн белгилөө аземи да өзгөчө өтөт. Анткени педагог өзү биринчи кайрымдуу болуусу керек. Азыркы иш чарага Кошбулак аймактык башкармалыгы боюнча жашы 80 ашкан жети энелерибизди чакырып, студенттер тарабынан уюшулган концерттик номерлерибизди берип жатабыз. Иш чара соңунда эмгек жамаатыбыз тарабынан даярдалган белектерибизди беребиз»- дейт аталган окуу жайынын мүдүрү Райхан Калдыбаевна.
Кабарчы: Б. Сапаркулов