Баткен облусу боюнча 15-сентябрдан баштап 15-октябрга чейин «Улгайган жарандарга камкордук» акциясы жүрүп жатат.
(Сүрөттө солдон оңго: И. Дж Карабаев, К. А. Исмаилов, А. Д. Халбеков) Элдин алкышына татыган депутаттарыбыз көп. Бул мезгил аралыгында Сүлүктү шаары боюнча «Бүтүн Кыргызстан»- саясий партиясынан шаардык Кеңешке депутат болгон жарандарыбыз өзгөчөлөндү. Көпчүлүк жардам алган жарандар ыраазычылыктарын ушул сайт аркылуу билдирип коюуну каалагандыктан, шаардык Кеңеште аталган фракциянын жетекчиси, депутат Исманали Джумабаевич Карабаевди кепке тарттык:
«Биздин партиялаштарыбыздын 2012-жылы шайлоочуларыбызга берген убадаларыбыздын бири бул улгайган жарандарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү болгон. Мен ойлойм, биздин партиялаштарыбыз берген убадаларыбызды так аткарып келе жатат деп. Учурда мамлекетибиз боюнча, облусубуз боюнча улгайган жарандарга камкордук көрүү акциясы жүрүп жаткандыктан биз да четте калбай шарты оор, карыларыбызга ар бирине 1 кап ун, 5 литр пахта майы, күрүч, таттуулары менен алып барып берип, көңүлүн алдык. Андан сырткары Октябрь айы бүткөнгө чейин ар биринин үйүнө 20 кап көмүр бекер жеткирип бүтөбүз. Эми башка жардамдар да көп эле, оң колуң бергенин сол колуң билбесин дегендей, улгайган жарандарыбыздын Ак батасы тийсин, төрүбүздө кадырлуу карылык доорун сүрүп жүрө берсин, Аллах ыраазы болсун»— дейт Исманали Джумабаевич.
Эмне демекчибиз, «БАРАКЕЛДЕ, Депутат болсоң ушундай бол»
Кабарчы: Анварбек Тухтаров