Токтогул районунун Терек-Суу айылында карылар күнүнѳ карата кече болуп ѳттү. Ал кечеге 100дѳн ашык карылар келди.
Айыл ѳкмѳт башчысы мындай кечелерди жыл сайын 1-октябрь карылар күнүнө карата ѳткѳрүп келерин билдирди.

«Кары адамдарды сыйлоо-урматтоо максатында тамак берип жатабыз. Өнѳрпоздордун талантын тартуулайбыз деген максатта сый тамакты уюштуруп жатабыз. Кетмен-Дѳбѳ аймагында 220дан ашык карылар бар. Бүгүнкү күндѳ сый тамакка ѳздѳрүнүн күчү менен келе алгандар келишти ал эми келе албагандарга белектери үйүнѳ жеткирилип берилет. Социалдык жардамга муктаж 10дон ашык карылар бар аларга акчалай сыйлык тартулайбыз», — деп айтып өттү Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Жээналиев.

Айыл ѳкмѳтүнүн мындай сый тамактарды жылда уюштуруп тураарына ыраазы экенин айтат Алиева Бѳбек апа.

“Белектерди карылардын жашына карап берет. Мындай сый тамактарга кээде келем былтыр келбей калгам. Жылда карыларды чакырып сыйлап турганына ыраазыбыз. Уюштуруу мага аябай жакты», — деди ал.

Айыл тургуну Эшенбеков Бегиш ата да сый тамакка келген. Иш-чаранын жылдан жылга жакшырышына ишенич артат.

“Бизди 1-октябрь саат 12ге келип кечеге катышып кеткиле деп чакырды. Жылда келип жаштардын сый-урматын кѳрүп кетебиз. Чай-шамек кошуп беришет аны алып кетебиз. Бул уютуруу жагып жатат, эми мындан кийин аз-аздан жакшы боло берет деген ишеничим бар», — дейт Бегиш ата.

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн