Быйыл Лейлек районунун Андарак айылында алманын түшүмү аз болду. Ага быйылкы жыл жаан-чачындуу болгону себеп болгон.

Бул жылы Андарак айылында алма аз болуп жергиликтүү калкты түйшөлттү. Айыл тургуну Мухамедали Абдиматов мындай деди.

«Бул жылы алма аз болду. Анын себеби жаан, мөндүр көп жаап, алмалар быша элек кезинде жерге түшүрүп салды. Мурдакы жылдары бир түп алмадан 20-30 килограмм алма алсак, быйыл бир түптөн 6-7 кило гана алма алдым», — деди ал.

Мурдакы жылдары Андарактын алмасын чет өлкөлөргө да экспорттогон эле.


Даярдаган: Анвар Ашимов
Редактор: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн