Ак-Талаа райондук токой чарбасынын Үгүт айылындагы кызматкеринин үйү 1958-жылы курулган. Бул аралыкта үйгө оңдөп-тузөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

Учурда эл аралык уюмдун колдоосу менен оңдоп-түздөөдөн өтүп, заманбап откана курулуп жатат.

Оңдоо иштерине райондук токой чарбанын фондунан дагы 109 миң сом бөлүнгөн. Долбоордун Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча координатору К. Сүйүндүковдун берген маалыматына караганда, негизги максаты — токой өстүрүү жана жер ресурстарын туруктуу башкаруу сыяктуу 4 компоненттен турган бул долбоор 2015-жылдан бери иштеп жатат.

Учурда оңдоо иштери менен катар райондун айылдарынан чогулган 18 жигитке заманбап курулуш иштерин жүргүзүүнү акысыз үйрөтүп жатышат.
Токой чарбанын кызматкери 4 миң гектардан ашуун токойго көзөмөл жүргүзөт.
Даярдаган: Г.Мамытбекова