Ак-Талаа районунун Баетов айылында үйүн өзгөчө жаныбарлар менен бөлүшүп жашаган тургун бар. Света эже — ал акыркы үч жылдан бери үйүндө түгөйлүү тотукуш багат.
Света Кенеева кесиби боюнча мугалим. Кесибине байланыштуу жаныбарларды, куштарды анын ичинен тотукушту жакшы көрөт.

Биринчи көк түстөгү ургаачысын, андан кийин жалгыз болбосун деп эркек тотукушту атайын Бишкек шаарынан алып келген.


Алар кадимкидей эле акталган жана акталбаган таруу менен тамактанат. Жемге атайын таш, жыгач отундун көмүрү жана кумдан кошуп беришет.

— Эки маал жем, суу берип, күнүгө алдын тазалап, кургактап турат. Жеми же суусу түгөнүп калса же каралбай калса өздөрү чырылдап, жаны тынбай сайрашат, ары-бери чуркашат, жем салгычтарын түртүп салышат. Андай учурда өтө агрессивдүү болуп калышат. Үйгө киши-кара келип калганда чурулдашат. Байкасам булар да тынчтыкты сүйөт экен. Үн чыгарсам булар мага үн кошот. Ошентип сүйлөшөм.

Айрыкча таң агарып келатканда жана кечинде сайрашаарын айтат үй ээси. Тотукуш турган жерде атайын күзгү коюлган. Күзгүдөн көбөйүп көрүнгөн тотукуштар бири-бирин кызганып, кадимкидей кыял көрсөтүп турушат.
Даярдаган: Эльвира Кубанычбекова
Редактору: Эльнура Тажиева
Сынак үчүн