Түп районуна караштуу Тасма айылында мобилдүү клиника бир күн айыл элине кызмат кылды. Аталган клиника тургундардын ден-соолугун бекер текшерди.
Мобилдүү клиниканын дарыгери Бермет Иманкулова бул иш-чараны Орусия каржылап жатканын жана үй-бүлөсүндө ден-соолугу начар адамдарды текшерип жатканын айтты.
«Биз азыр Түп районунун кыдырып жатабыз. Буга чейин Ак-Суу районунун жана Жети-Өгүз райондорун кыдырып келдик. Азыр ишибиз башталары менен элдер арбын келип жатышат», — деп билдирди ал.
Ал эми айыл тургуну Жаңыл Чингизбаеванын билдирүүсүндө, айыл эли үчүн жакшы шарттагы унаа менен келип, тургундардын ооруган жерлерин текшерип жатат.
«Азыркы клиника эл үчүн жакшы шартта келиптир кайсыл жериң ооруса бүт текшерип берет экен. Текшерген техникалары да Орусияныкы экен. Бекер да болду», — дейт айыл тургуну Чингизбаева.
Даярдаган: Жылдыз Темиркул кызы
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн