Үч-Коргондо табылган көзө 200 жылдык тарыхка ээ деген божомол менен бүгүнкү күнү казып алуу иштери башталары алдында турат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Рудаки атындагы Таджик коомдук бирикмесинин Үч-Коргон бөлүмүнүн жооптуу катчысы Абдукаримов Абдулхай билдирди.
“Биз көптөн бери Үч-Коргондо 20дан ашык демилгечи топтун мүчөлөрү менен биргеликте тарых музейин ачсак деген сунушту ортого салдык андан кийин бир чечимге келдик. Арыз жазып Абдурахманов Ахмаджанга кайырылганбыз айыл кенешинин төрагасы Жора Норматов депуттар биргеликте чечим чыгарып беришти. Биз ушул жакшы ишти баштоо алдында турабыз”, — дейт Абдулхай Абдукаримов.
Абдулхай Каримов кошумчалагандай, тарых музейин жасалгалоо жана эмеректер менен толуктоо үчүн 174 миң сом өлчөмүндө Үч-Коргон айыл өкмөтүнөн акча каражаты бөлүнгөн.
Абдурахманов Отахон Үч-Коргон айылынын тургуну.
— Мен үйүмдүн алдына чоң дүкөн курдуруп жатып тазалоо, казуу иштерин алып барып жаткан учурда ушул чоң көзөнү таап алдык. Усталарга айттым тийбегиле тарыхий мааниге ээ болсо керек деп. Тийиштүү тарыхчы чоң адмдарга кайрылып, Абдулхай Каримовдун Үч-Коргон айылында тарых музейин ачып жатышкандыгын угуп аларга өткөрүп бердим.
Мындай көзөлөр тууралуу бир канча божомолдорду айтып келишет. Айрым айыл тургундары мурда арабдар баскан учурда дан эгиндерин сактаган деп айтышса, кээ бирөөлөр кыздарды душмандардан сактоо максатында да жасалган деп айтып келишет.
Табылган көзөнү канча жылдык тарыхы бар изилдөө максатында Кадамжайдагы тарых музейлерине кайрылышкан. Тилеккке каршы атайын адистер табылган эмес. 200 жылдык тарыхы бар деген божомолдору бар экендигин айтышат демилгечи топтун мүчөлөрү.
Даярдаган: Сабыр у Шумкарбек