Кызыл-Кыя шаарына караштуу Козубай Ташбулатов көчөсүндөгү чоң жол сел жүрүп, бүгүнкү күнү начар абалга келген. Шаар мэриясынын тапшырмасы менен жол четиндеги дарактар кесилип тазаланган.
Мансуров Исамидин Кызыл-Кыя шаарынын тургуну:
— Мен бул шаарда туулуп чоңойгонмун мурда бул жолдор жакшы, суулар таза болчу. Бул жылы чоң сел жүрүп көптөгөн кырсыктарга себеп болду, жолдорду бузуп салды. Шаарыбыздын мэриясы тарабынан тапшырма берилиптир, биз жолдун четиндеги дарактарыбызды кесип салдык. Алар бизге жол четине суу агуучу лотокторду жайгаштырып, жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдорду оңдоп беребиз деп убада беришкен бирок, бул берилген убада ишке ашпайт деп билдиришти.
Мансуровдун билдиришинче, Козубай Ташпулатов көчөсүндөгү суу түтүктөрү да иштен чыккан — чирип шаар тургундары таза суу менен толук камсыздалбай калган.
Жаңы төшөлүп жаткан жолдун астында мурунку эски жолдун калдыктары тазаланбай калган. Жүргүнчүлөр жүрүүчү жол анын четиндеги суу кетүүчү лотоктор элдин капчыгына жүктөлүп жаткандыгы шаар тургундарынын наразычылыктарына себеп болууда.
Кызыл–Кыя шаарындагы чоң трасса майрамдарда жабылып, Козубай Ташбулатов көчөсүндөгү жол магистралдык кызматты аткарат. Ошондон улам бүгүнкү күнү аталган жол жараксыз абалга келген.
Даярдаган: Арипов Атабек