Нарын облусунун Ак-Талаа районунда бийиктиги 3000 метрге жакын болгон МЭЛС ашуусу бар.


Райондук «Айыл турмушу» гезитинин редактору Ө. Дөлөевдин айтымында, бул ашуу эмгекчилер депутаттарынын Ак-Талаа райондук комитетинин төрагасы Мэлс Турдалиевдин ысымынан коюлган.
Анткени Турдалиев 1961-жылы аталган ашуу аркылуу жол салуу демилгесин көтөрүп чыккан. Бул ашуу Совет доорунда малчылардын жыл сайын Арпа жана Орто-Сырт жайлоолоруна малдарын алып өтүүсүндө кыйынчылык туудурган. Ошондуктан алар Ат-Башы жана Нарын райондору аркылуу айланып өтүшкөн.


Мэлс Турдалиевдин демилгеси жана жетекчилиги астында 1962-жылы жайлоого кетүүчү кыска жол салынган. Алгач ашууну Чоң-Кыя деп аташкан.

Бирок кийинчерек жергиликтүү жашоочулар Мэлс деп атоону сунушташкан. Көпчүлүктүн өтүнүчү менен ашуу бүгункү күндө МЭЛС ашуусу деп аталып келатат.
Даярдаган: Г. Мамытбекова