Күнөскананын курулуушу бүткөндө 1-сеньтябырда салтанатуу түрдө кызыл лента кесилет. Күнөсканын башкы максаты — 1-4-класска чейинки балдарды пайдалуу тамактар менен камсыз кылуу.
Күнөскана Бириккен улуттар уюмунун Азык түлүк програмасынын алкагында курулууда. Бюджети 1 милион 137 сомду түзгөн.

Ленин атындагы орто мектебинин директору Курманбек Мамбеталиев азыркы убакытта голандиялык 2 сорттогу миренга жана криспина бадыраңдарынын уруктары идиштерге орургузулуп өстүрүлүп жатканын айтты.

«Үчүнчү сортубуз кытайназми сорту. Андан тышкары эксперимент катары 50 түп помидордун өсүшүн байкап жатабыз. Күнөскананын ичине керектүү жашыл жер жемиштер петрушка, редиска, помидор, бадыраң отургузулат», — деп билдирди Мамбеталиев.

Курулуштун узундугу 40 метр, туурасы алты, бийиктиги үч метр 30 сантиметр. «Эмки окуу жылда окуучуларга салаттарды бере баштайбыз», — деп кошумчалады мектеп директору.

Даярдаган: Алина Үзөнкүл кызы
Сынак үчүн
АСе.