Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: admin

Тасмага кабелдик интернет орнотулууда

Түп районунун Карасаев айыл аймагына «Кыргыз телекомдун» демилгеси менен кабелдик интернет орнотулууда. Жалпы баасы Миң-Булак айылынан Карасев айыл аймагына чейин 1 200 000 сомду түзгөн.

Тасмада ички жодор оңдолууда

Түп районунун Карасаев айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 849 миң сом бөлүнүп, тендер аркылуу Тасма, Токтоян айылдарынын ички жолдору оңдолуп жатат.

Тасмада бала бакчага ылайыкталып ажаткана курулууда

Түп районуна караштуу Тасма айлындагы кыска мөөнөттүү бала бакча үчүн жаңы ажаткана салынууда. Андан тышкары бала бакчага оюн аятчасына атайын каруселдер орнотулуп, балдарга дагы көптөгөн оюнчуктар жана заманбап парталар алып …

Тасмада ашпозчулук багытында окуу жүрүүдө

Түп районуна караштуу Тасма айылында ашпозчулук кесиби боюнча окуу жүрүүдө. Окуу 7-июнда башталып, азыркы тапта окуучулар практикалык иштерди аткарып жатышат.

ФАО уюмунун негизги максаты — дыйканчылыкты өнүктүрүү

Азыркы тапта өлкөнүн ар кайсы жерлеринде ФАО уюму көптөгөн иштерди алып барууда. Уюмдун максаты, кандай иштерди алып баргандыгын жана алдыда дагы кандай иштерди өткөзө тургандыгы тууралуу ФАОнун Түп районуна караштуу Тасма …

Тасмада Улуу жеңиштин 72 жылдыгы белгиленди

Түп районуна караштуу Тасма айылында Улуу жеңиштин 72 жылдыгы майрамдалды. Майрамга Карасаев айыл аймагындагы үч айылдын тургундары келип катышты.

Маек: Карасаев аймагындагы “Калмак арыктын” келип чыгуу тарыхы

Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагындагы “Калмак арык” деп аталган канал бар. Арыктын качан пайда болгону тууралуу Тасма айылынын тарыхчысы Кыдырымыш Масылов менен маек курдук.

Тасмалык окуучулар өнөр сынагынын облустук баскычына жолдомо алышты

Түп районундагы мектептер арасында “Ата-эненин мыкты баласымын” аттуу сынак 3-майда болуп өттү. Райондогу 35 мектептен окуучулар барып катышкан сынакта тасмалыктар “Заманбап жомок” номинациясы боюнча жеңишке жетип, облустук баскычка жолдомо алышты.

Тасмадагы музей облустук сынакта 1-орунду ээледи

Түп районуна караштуу Тасма айылында жайгашкан Асан Сопиев атындагы музей облустук сынакта 1-орунду алды.

Чоң-Тогузбай айылында алма көчөтөрү отургузулду

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде Бириккен Улуттар Уюму тарабынан «Мектеп алдында мөмө-жемиш, бак-дарактарын өстүрүү» долбоору боюнча 200 түп алманын көчөттөрү отургузулду.

Чоң-Тогузбай айылынын комузчусу Алина Жапарова

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Алина Жапарова алты жашынан баштап чыгармачылык чөйрөгө аралашып, музыкалык аспаптарда ойноо менен алектенип келет.

Чоң-Тогузбай айылынын баатыр энеси жана ардактуу мугалими Нургүл Турдубаева

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Нургүл Турдубаева 30 жылдан бери мектепте эмгектенип, ошондой эле жети баланы тарбиялап келет.

Тасмада мугалимдерге компютердик сабаттуулук боюнча окуу болду

Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебине электроника институту жана телекоммуникация тарабынан уюштурулган маалымат жана интернет технологияляары боюнча кыска мөөнөттүк окутуу курсу болуп өттү.

Тогузбайдын жаш сүрөтчүсү Аделина Кеңешбек кызы

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын жаш тургуну Аделина Кеңешбек кызы сүрөт тартып, эмгектери менен мугалимдеринин көңүлүн буруп келет. Ал сүрөткө 1-классынан кызыгып тарта баштаган.

Орлин мектебинин суу жылытуучу имаратын оңдоо керек.

Ысык-Көл обласынын Ак-Суу районуна караштуу Орлинное айылынын Омельченко мектебинин суу жылытуучу имаратына оңдоп түзөө иштери талап кылынууда.  Орлинное айылынын Владимир Ильич Омельченко атындагы мектептин  директору Бактыгүл Кайбылдаеванын айтымында суу жылытуучу …

«Токой чарба» уюму жаратылышты коргоп келет

Түп районуна караштуу «Токой чарба» уюму жаратылышты сактап калуу максатында иш алып барат. Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Керез Исмагулов «Токой чарба» уюмунда механизатор болуп иштейт. Анын айтымныда, бул …

Жаш шахматчы Айгүл Малайканова

Ак-Суу районунун Орлиное айылынын жаш тургуну, 8-класстын окуучусу Айгүл Малайканова шахмат ойноп көптөгөн ийгиликтерди жаратууда.

Чоң-Тогузбай: Эл кышты кандай өткөздү?

Жаз келип, айыл тургундарына кыштын кандай болгону тууралуу суроо узаттык. Төмөндө Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын жашоочуларынын пикирлерин сунуштайбыз.

Чоң-Тогузбайда ФАО уюму тарабынан концерт өткөрүлдү

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында БУУнун ФАО уюму тарабынан Нооруз майрамы өткөрүлдү.

Чоң-Тогузбайдын жаш таланты Кылымбек Курманалиев

Кылымбек Курманалиев Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын жаш таланты. Ал бир нече музыкалык аспапта ойноп, көптөгөн концерттерге катышып келет.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...