№7 Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Нооруз майрамына арналган «Нооруз улут сыймыгы» аталышындагы 2-класстар арасында таймаш болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы ҮДТ га Швецария өкмөтүнүн каржылоосу менен тез жардам унаасы жана компьютер берилди.
Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылында адам укуктары боюнча кинофестиваль жүрүүдө. Фестивалдын негизги максаты элет жериндеги элдердин укуктук көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү.
Тогуз-Торо районуна караштуу №7 Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине келген көрөрман айыл тургундары жана мектеп окуучулары адам укуктарына байланыштуу болгон тасмаларга күбө болушту.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 5- классынын окуучусу кичине кезинен бери сүрөт тартып жана пластилинден ар кандай каармандарды жасаган Таңсулуу Токтокадырова менен маек.
Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында «Аялзат тагдыры, Ата-Журттун тагдыры» аттуу семинар болуп өттү. Негизги максаты, аялдарга болгон зордук-зомбулукту азайтуу болду.
Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы № 7 Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 5-март Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди.
Сары-Булуң айыл аймагындагы мамлекеттик туу жаңыланды.
Тогуз -Торо районунун Сары -Булуң айылындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Ата-Журт сенин коргооңо, атуулдук сүйүүңө муктаж экендигин унутпа” деген аталыштагы семинар болуп өттү.
Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата кыздар арасында таймаш өттү.
Сары-Булуң мультимедиа борборунун кабарчылары Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту. Мультимедианын кабарчылары Азем Маратова, Нуриза Рыскулова жана координатору Анара Мааметовалар барышты.
Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун координатору жана кабарчылары Кыргыз радиосунда “Кутман таң” программасында маек курушту.
Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Элчибек Мөкүшов өз колу менен түрдүү эмеректерди жасайт.
Тогуз- Торо районуна караштуу Казарман- Ак- Союл участкасына кар көчкү түшүп жол жабылды.
Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылында жашаган Саламат Дайырбек кызы кичинесинен кабылган шал оорусунун себебинен баса албайт. Жетиштүү каражаты болсо, толугу менен басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун тургундары “Макмал” кенинин базасында курулуп жаткан ишкананын курулушуна каршы митингге чыгышты.
2018-жылдын 25-январында математика сабагы боюнча олимпиадага катышкан окуучуларга сертификаттар тапшырылды.
2018-жылдын 26-январында райондук деңгээлдеги мектеп аралык жарыш болуп өттү. Бул жарышка №7 Сатыбалдиев орто мектебинин окуучулары катышып жеңиш менен кайтышты.
Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Сары-Булуң айыл аймагынын башчысына “Мыкты айыл өкмөт” наамы ыйгарылды.
Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык абалынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн “2017-жылдын мыкты салыкчысы” наамы Замира Мамбетакуновага тапшырылды.