Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылында жашаган Саламат Дайырбек кызы кичинесинен кабылган шал оорусунун себебинен баса албайт. Жетиштүү каражаты болсо, толугу менен басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.
Саламаттын апасы Кадырбүбү Өмүралиева кызы тууралуу буларды айтты.
«Кызым кичинесинен шал оорусуна кабылып, эки буту жакшы баспайт. Бул убакка чейин “Табылгыты жаштары” тарабынан 50 000 миң сом жана “Россия кайрымдуулук” фонду тарабынан 10 000 миң сом жана туугандары акчалай жардам беришти. Бишкек шаарына барып, дарыгер Сабырбек Жумабеков кызымдын эки бутун операция кылып, басып калды. Бутуна гипсти түнкүсүн салып, түз болуш үчүн күндүзү алып коем.
Бизди кайра алты айдан кийин келгиле деген. Бутунун кыймылдашын текшерүү үчүн. Сабырбек Жумабековго ыраазычылыгымды билдирем. Ал Саламаттын операциясына жеңилдик кылып, өзүнүн жардамын берди. Бүгүнкү күнгө чейин кызымдын ден-соолугунан кабар алып, сурап турат».
Ал эми Сары-Булун айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмековага кайрылганыбызда буларга токтолду:
“Саламаттын үй- бүлөсү өкмөт чектеп берген каражат менен жашашат. Саламат толугу менен дарыланса басып кете алат. Болгону каражаттын жетишсиздигинен мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат.”
Азыркы учурда Саламат агасы жана апасы болуп Табылгыты айылында жашашат. Апрель айында кайрадан Бишкек шаарына текшерүүгө барат, ал үчүн акча каражатына муктаж болууда. Кайдыгер карабаган инсандар болсо, Саламаттын апасына кайрылса болот.
Даярдаган: Азем Маратова