Тогуз- Торо районуна караштуу Казарман- Ак- Союл участкасына кар көчкү түшүп жол жабылды.
Бул тууралуу жол жүрүп бара жаткан Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун координатору Анара Мааметова төмөнкүлөрдү билдирди:
“Бүгүн 15-февралда кардын токтобой тынымсыз жаагандыгына байланыштуу Казармандын Ак-Союл деген жерине кар көчкү түшүп жолду тороп калды.
Бир нече убакыт күткөн соң райондун акими Идирисов жана ДЭП-18 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси келип, кабар алып, жол тазалоочу техникаларды чакыртышты. Бирок жолдо бара жаткан жүргүнчүлөр 3 сааттай күткөн соң артка кайтып жатышты.
Биз борборго “Радиоуктурууларды даярдоонун негиздери” деген темадагы семинарга эки кабарчы менен кетип бара жатканмын, бирок шартка байланыштуу биз да артка кайтууга туура келди”,-дейт Анара Мааметова
Даярдаган: Нуриза Рыскулова