Суусамыр айыл өкмөтүнө жайыттарды жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүнү башкаруу долбоору аркылуу жаңы автогрейдер алынып келинди.
Бул дүйнөлүк жана өкмөттүк банктан, айыл чарба министрлиги тарабынан алынган гранттык акчага алынып келинген. Айыл чарба министрлигинин алдындагы жайыт департаменти Кыргызстандагы 450 жайыт комитетине акча бөлүп, анын 134 миң АКШ доллары Суусамыр айыл өкмөтүнө берилген. Бул туурасында кененирээк Суусамыр жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Зоодан Асаналиев айтып берди:
«Негизи бул грейдер абдан кымбат баадагы техника болуп саналат. Жайыт департаменти тарабынан абдан көп суммадагы акча каражаты бөлүнгөн. Бизге акча бөлүнгөндөн кийин кайсыл жакка коротсок деп айылдарга жыйналыш кылып ортого салганбыз. Ошондо көпчүлүктүн чечими автогрейдер алуу болду. Авто техниканын баасы тендер өткөрүлүп, 7 млн 850 миң сом болду. Бул жерде эгер техника ала турган болсок, анын 25%ы жергиликтүү коомчулук тарабынан чыгарылмак. Анын 25%ы 1млн 950 мин 500 сом болуп, ал айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен алынды. 6-февралда бул техникалар Россия мамлекетинен Бишкек шаарына алынып келинди. Облустук деңгээлде өкмөт тарабынан өкүлдөр келип, расмий түрдө бизге техникалар тапшырылды.»
Ал эми айыл тургуну Сүйүн Аманова алынып жаткан техникалар туурасында өз ою менен бөлүшүп өттү:
«Менин оюмча автогрейдер алынып келингени абдан жакшы деп эсептейм. Себеби, бизде кышкысын кар абдан оор жаайт эмеспи. Жолдорубузду тазалап элге шарт түзүп берип турат деп ойлойм. Пайдасы абдан көп. Башка дагы айыл тургундарына жакты деген ойдомун.»
Азыркы учурда бул техника жайыт комитетинин балансында турат. Эскерте кетсек, буга чейин дагы бир атайын техника алынган. Мына ушул техникалардын бардыгы тендерлерге катышып, акча табуу менен биргеликте элге кызмат кылмакчы.
Даярдаган: Самар кызы Зыйнат