Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинде “Билерман ордо” интеллектуалдык таймаш болуп, анда билимдүү окуучулардын “Көрүүчүлөр” жана “Биримдик” командалары билимдерин сынашты. Таймаштын жүрүшүндө эки команда тең өздөрүнүн артыкчылыктарын көрсөтүүгө аракет кылышты. Командаларга уюштуруучулар тарабынан даярдалган логикалык суроолор көбүрөөк берилип, аларга белгиленген убакытта жооп бергенге аракет кылышты.
Мектептин тарбиялык иштерин уюштуруучусу Рахат Биримкулова: “Аталган таймаш окуучулардын логикалык ой-жүгүртүүлөрүн өстүрүү, логикага кызыгууларын арттыруу жана бош убактыларын туура пайдаланууга багыт берүү максатында өткөрүлдү”, дейт. Таймаштын акырында берилген суроолорго алынган жоопторго ылайык калыстар тобу “Биримдик” командасын жеңүүчү деп белгиледи. Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.
Даярдаган: Кылымай Абдыбекова