Мындан 29 жыл мурда 5-февраль күнү Афган жергесинен акыркы советтик жоокер чыгарылып кеткен. Ошондон бери бул дата өлкөбүздө Афган согушуна катышкан ардагерлер күнү катары белгиленип келет. Мына ушул күнгө байланыштуу Ак-Талаа районундагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинде Афган согушунун ардагерлери Шералы Мурзабеков, Мамбеткалый Артыков менен жолугушуу болду.
Жолугушууну мектептин өзүн-өзү башкаруу уюму уюштурду.



Жолугушууга келген ардагерлер окуучуларга баштарынан өткөргөн кооптуу учурларды, кызыктуу окуяларды айтып беришип, каалоо-тилектерин билдиришти. Иш-чара учурунда ардагерлер менен кызыктуу оюндарды уюштурушуп, логикалык суроолорго жооп ала алышты. Мектеп парламентинин президенти Абдыбекова Кылымайдын айтуусунда бул жолугушуу-жаш жеткинчектерди патриоттуулукка, Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында уюштурулду.


Жолугушуунун сонунда эстеликке сүрөткө түшүп, арнаган белектерин тартуулашты.
Даярдаган: Эльвира Кубанычбекова