Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектепте 14-февраль күнү «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Бул таймаш өрөөндүк деңгээлде болуп, 8 айылдын мектептеринен келген окуучулар катышты.
Бул тууралуу Жерге-Тал айылындагы Асанбек Таабалдиев орто мектебинин директору Баатырбек Ысманбаев буларга токтолду:
“Биз мугалимдер окуучуларыбызды жетектеп келдик. Бул жылына өтүлүүчү таймаш. Бул таймашка 8 айылдын окуучулары катышып, биздин өрөөндөн эки жылдан бери республикалык деңгээлге чейин жетишүүдө. Демек, бул таймаш калыстык менен өтөт десек болот. Бизде мындай жакшы сөз бар эмеспи, “Башкасын коюп Манасты айт” деген, анын сыңарындай эле “Манас” эпосун ар бир кыргыз баласы билүүгө тийиш».
“Мен кичинекей кезимден бери эле “Манас” эпосуна кызыкчумун. Бул “Манас” эпосу деңиздей терең, океандай кенен болгон эпос. Мен азыр бул эпостун түбүнө чейин сүңгүп кирүүнү кыялданып келем. Биздин команда көптөн бери эле бул таймашка даярданып келгенбиз. Бирок, биз экинчи орунду камсыздап калдык”- дейт Оттук айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектептин 7-классынын окуучусу Улук Курманбеков.
Жана ошондой эле Мамыткан Иманалиев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Нуриза Аскарбек кызы командасынын 1-орунду камсыз кылганын айтты.
“Биздин топтун аты “Курама” командасы. Биз аябай эмгектенип, 1-орунду камсыз кылдык. Биздин кубанычыбызда чек жок. Жакында райондук деңгээлге сегиз айылдын атынан, Эмгекчил өрөөнүнүн намысын коргоп чыгабыз. Буюрса, ал таймаштан дагы орун ээлейбиз деген чоң ишеничтемин. Жалпысынан 6 тур болуп, биз 39 упай менен биринчиликти алдык».
Эскерте кетсек, сегиз айыл биригип( Оттук, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал, Эмгекчил, Өрнөк, Миң-Булак, Куйбушев, Эчки-Башы), Эмгекчил өрөөнү болуп аталат.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков, Адилет Курманбеков