Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында «Аялзат тагдыры, Ата-Журттун тагдыры» аттуу семинар болуп өттү. Негизги максаты, аялдарга болгон зордук-зомбулукту азайтуу болду.
Бул тууралуу семинардын уюштуруучусу №7 Сатыбалдиев орто мектебинин директору Венера Эпеева билдирди. Анын айтымында семинарды, аялдарга көрсөтүлгөн зордук зомбулук айыл жергесинде көп катталгандыгына байланыштуу өткөргөн:
Венера Эпеева: “Жумушсуздуктун айынан үй-бүлөлөрдө көптөгөн чыр- чатактар чыгып аялдар зордук -зомбулуктарга кабылышууда. Ошол себептен элге туура көз караштарды жеткирели деген максатта уюштурдук. Семинарга Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Социалдык коргоо башкармалыгынан, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин мүчөлөрүнөн, Райондук Аялдар Кеңешинен, Сары-Булуң айыл аймагынын кызматкерлери, мектеп жамааты,айылдагы үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн, айыл тургундары жана социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөр келип катышышты. Бул семинар аркылуу элге маалымат бере алдык деп ойлойм.
Бул семинарга Тогуз-Торо райондук Социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчиси Чолпонай Жеңишова да келип катышкан. Чолпонай Жеңишова семинар тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
“Бүгүн Кара-Суу айылында үй-бүлөдөгү зордук- зомбулукту алдын алуу боюнча талкуу болуп өттү. Биздин айылыбызда ушул боюнча көптөгөн семинарлар өтүп атат. Бүгүнкү иш чараны уюштурган Венера эжекебизге жана айылдык аялдар кеңешинин мүчөлөрүнө чоң ыраазычылык билдирем.”
Келген меймандарга 3-8-класстын окуучулары концерттик программа тартуулашты.
Жыйынтыгында, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата апаларды куттуктап, грамота, белектер тапшырылды.
Мындан сырткары, айылдын тургуну Мурат Токтоналиевдин демилгеси менен сый тамак уюштурулду.
Статистикага караганда, азыркы учурда аялдарга жасалган зордук- зомбулук 31%ды түзөт. 1998-жылдан 2007-жылга чейин бул көрсөткүч 25-26%ды түзгөн. Аялдардын ден- соолугуна зыян келтирген учурлар 33%ды түзөт.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова