«Жылдын эң мыкты мугалими 2018» сынагы өткөрүлүп, ага Үч-Коргон айылынан бир катар мектептердин мугалимдери да катышууда.
Сынак райондун Марказ, Кара-Дөбө, Үч-Коргон аймактарында башталып, ага 14 мугалим катышууда. Жеңүүчүлөргө байгелүү белектер каралган.
Сынактын катышуучусу Мукадас Хамидованын айтымында жылдын мыкты мугалими сынагына мектеп жамааты аракет кылып жеңүүчү болууга аракет кылышууда.
«Сынакка жакшы даярдык көрүүдөбүз жеңүүчүлөр март айынын сонуда маалым кылынат. Аябай толкундануу сезиминде турабыз. Башталышы жаман эмес баары жакшы.»
Сынактын максаты — мектептерде чыгармачыл, мыкты мугалимдерди табуу, алардын иш тажрыйбасын жайылтуу, алдынкы педагогикалык ойлордун жыйынтыгын түзүү. Иш-чаралар март айында жыйынтыкталат.
Даярдаган: Гулбахор Абдурахманова