Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун тургундары “Макмал” кенинин базасында курулуп жаткан ишкананын курулушуна каршы митингге чыгышты.
Катышкандардын бири Сүйөрбек Муратбек уулунун билдирүүсүнө караганда:
“Бүгүнкү митингге өз калообуз менен чыктык. Бизди эч ким үндөгөн жок. Эгер ошол фабрика ишке кирсе, анын зыянынан чөптөр өспөй, ар кандай оорулар пайда болушу мүмкүн”-деп айтып өттү.
Жергиликтүү тургундар мындай митингди 7-февралда кайрадан чыгарын айтышты. Нааразылыкка чыккандар менен акимдин орун басары Айбек Кожошов жолугуп, абалды түшүндүргөнүн катышуучулар билдирди.
Даярдаган: Азем Маратова