Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева менен Кыргыз Республикасындагы Жогорку Кеңештин имаратында жолугушту.
Тогуз-Торо районунун шахмат боюнча 13 мектептин арасында олимпиада өткөрүлгөн. Бул тууралу Феруза Жыргалбек кызы билдирди.
Тогуз-Торо районунун Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин 9-10-11-классынын окуучулары үчүн кесип тандоодо туура багыт берүү максатында жолугушуу болду. Бул иш-чараны Ханнс Зайдель фондунун стипендианттары уюштурган.
Тогуз-Тородогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди. Жардам берүү акциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынынн Ханнс Зайдель фондунун стипендианттары уюштурушту.
Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы “Седеп” балдар бакчасында эки майрам чогуу белгиленет. 1-май Эмгек күнү жана 20-май Энелер күнүнө арналган кечеге даярдыктар тууралуу бала бакчанын жетекчиси Рахат Солтоева айтып берди:
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары- Булуң айылында Чигу шаары боюнча музей ачылуу алдында турат. Музейде чөгүп кеткен шаардын калдыктары камтылган. Ал жерден буюмдардын калдыктары жана таштардын түрлөрү табылган. Азыркы …
Асан Сопиев атындагы №19 Тасма орто мектебине аскерге чейинки даярдык сабагына окуучулар аскердик форма менен камсыз кылынды. Формаларды Тасма айылынын кулуну, айыл өкмөттүн ардактуу атуулу, меценат Сталбек Муканбетов окуучуларга белек …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев мектебинде менталдык арифметика курсу окутулууда. Окуу билим берүү министрлиги менен Кыргызстанга жайылтуу максатында келишим түзүлүп, окутула баштаган.
Азыркы учурда Карасаев айыл аймагындагы Чоң- Тогузбай, Тасма айылдарындагы үйлөргө Wi-Fi интернети коюулууда. Буга чейин Тасма айылында интернет болгон, бирок, жай иштеген. Интернет “Телеком” ишканасы тарабынан коюлуп жатат.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булуң айылынын Нур жамаатынын кунөсканасы ишке кирди. Күнөсканада жашылча өсүмдүктүн түрлөрү өстүрүлүп жатат.
Түп районуна караштуу Сары- Булуң айылынын келини, 9 кыздын энеси Максатгүл Мусаева азыркы жаштарга кааларым көп балалуу болушсун, “Балалуу үй базар, баласыз үй мазар” деп бекеринен айтылбаптыр. Мен ушу 9 …
Сары-Булуң айыл өкмөтүндө айыл чарбасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча, элет элине көп жылдык теректер таркатылууда.Теректерди таратуу МЧС тарабынан 4гектар жерге отургузууга ылайыкталып, кыян жүргөндө туруктук берүүчү көп жылдык теректер келген-деп …
Тогуз-Торо районуна караштуу Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектебинде 2018-жылдын 16-апрелинде жалпы кыздар арасында бий конкурсу болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Сопиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жашылдандыруу айлыгы жүрүп жатат. Айлыкта мектеп окуучулары мектеп айланасын тазалап, көчөттөргө арык салышууда.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев мектебинин эки окуучусу облустук “Мен Кыргызстанда жашайм!”сынагына жолдомо алышты. Учурда окуучулар таймашка даярданышууда.
Тогуз- Торо районун Сары-Булуң айыл аймагындагы айылдык китепканасы тарабынан «Келгиле, китеп окуйбуз» деген аталыштагы бир айлык акция өткөрүлүп жатат.
15-апрель «Экологиялык билим күнүнө» карата 1-11-класстын окуучуларына ачык тарбия сабактар өтүлүүдө.
Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын бардык мекеме кызматкерлери көчөлөрдү тазалап, ишембилик жүргүзүүдө.
Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылынын тургуну Гүлзат Шаршенбекова өз колу менен чапан тигет.
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда Нооруз майрамына арналган «Достук» бийин бийлейбиз аттуу айыл аймактар арасындагы сынак өттү.