Тогуз-Тородогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди. Жардам берүү акциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынынн Ханнс Зайдель фондунун стипендианттары уюштурушту.
Бул тууралуу фонддун стипендианты Марлис Олжотоев билдирди. Анын айтымында Тогуз -Торо районундагы аз камсыз болгон эки үй-бүлөгө кондитердик азыктарды жасоочу буюмдар берилди.

Жардам алгандардын бири Арал айылынын тургуну Толгонай Карыпбек кызынын апасы Айнагүл Турапбаева жардам тууралуу буларга токтолду:
Жалгыз бой Анаранын бир баласы майып болгондуктан, өз алдынча иштегенге мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, Анара Нурканова нандын, таттуулардын турлөрүн бышырып сатып, балдарын багып келет.

Ошондой эле, жардам Казарман айылынын тургуну Анара Нуркановага тийген. Жалгыз бой эненин үч баласы бар.
Ханнс Зайдель уюму жана уюмдун Тогуз-Торо районундагы стипендианттары социалдык бейкамсыз үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтуп келет.
Даярдаган: Азем Маратова
“Мыкты макала”сынагына