Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы “Седеп” балдар бакчасында эки майрам чогуу белгиленет. 1-май Эмгек күнү жана 20-май Энелер күнүнө арналган кечеге даярдыктар тууралуу бала бакчанын жетекчиси Рахат Солтоева айтып берди:
“Азыркы учурда тарбиячылар программаларды түзүп, наристелерге ырларды, бийлерди үйрөтүп жатышат. Майрамдык салтанатка бир да бала калбай катышышат.”
Ошондой эле быйыл бала бакчанын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргөн. Анда карагат, кайың, гүлдөрдүн түрлөрү отургузулган. Бакча жетекчиси жашылдандыруу балдардын ден-соолугу үчүн пайдалуу экенин белгилеп, ар бир бөлмөгө өсүмдүктөр коюлганын кошумчалады.
“Седеп” балдар бакчасында өздүк куурчак театры да бар. Андагы каармандар баары кийизден, кагаздан колдо жасалган. Билимканада 60 бала тарбияланууда. Бала бакча 2011-жылы ачылган.
Даярдаган: Назгул Шадыкова