Жайыл районунун айылдарында дыйкандар сугатка даярдык көрө башташты. Кара-Суу айылынын тургундары да айылдагы суу кетүүчү бетон арыктарды оңдоп башташты.
Бул суу кетүүчү бетон арыктар 20-кылымдын 70-жылдарында салынып, Кара-Суу жана Степное айыл аймактарынын жүздөгөн гектар жерлери сугарылып келген. Азыркы учурда алардын көпчүлүк жерлери иштен чыгып, убакыт өткөн сайын сугарганга жарабай калган жерлери көп. Айылдан ылдый жагындагы жерлердин ээлери: Акматов Мурат, Колбаев Мирбек, Болотов Замирбек жана башка бир топ дыйкандар чогулушуп алып, бетон арыктардын бузулган жерлерин оңдоп башташты.
“Бул бетон арыктар менен сугарган абдан ыңгайлуу, суу тез келет. Бирок убакыт өткөн сайын бул бетон арыктар бузула баштады. Эртерээк чара көрүп, бардыгын кайра оңдош керек, антпесек чөң көйгөй жаралган турат”,-дешет дыйкандар.
Эскерте кетсек, арыктарын көп жерлери иштен чыгып, жарабай калган, бирок, анын жээги менен арык тилишип, сугарып жаткандар да бар.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы