№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине Кара-Суу айылынын тургундары Адылбек Темирбек уулу жана Нурсултан Куттубековдун демөөрчүлүгү менен аскерге чейинки даярдык сабагына атайын баннерлерди жана колдонулуучу куралдарды белек …
Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунда 22-23- декабрда тогуз окуу предметтери боюнча олимпиада болуп өттү. Бул олимпиадага №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен жалпы 22 окуучу катышып, ийгиликтерге жетишип келишти.
Төрт мезгилдин ичинен кыш мезгили кандай кооз мезгил, балдар чурулдап, кар менен ойношуп, эс алуучулар тоого барып лыжа тээп, муз аянтчаларда коньки менен чуркашат. Кара-Суу айылынын окуучулары кышкы эс алууну …
Сары-Булуң айыл аймагындагы Булуң айылында суу түтүктөрү менен таза суу чыгарылды. Буга чейин айыл тургундары ичүүчү таза сууну өзөндөн ташып келишкен. Бул демилгени айыл тургуну өз колуна алып, ишке ашырды.
Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетти бекитүү боюнча коомдук угуу болуп өттү.
Тогуз- Торо районунун Сары- Булуң айылында 2017-жылдын 31-декабрында жаңы жылдык кече болуп өттү.
Тогуз-Торо районундагы Сатыбалдиев орто мектебинде так жана табигый сабактар бирикмеси болуп өттү. Бул тууралуу окуу, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Миргүл Какаева билдирди.
Түп районуна караштуу Тасма айылында 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата ачык тарбиялык саат өттү. Тарбиялык саатка Асан Сопиев мектебинин 2-класстагы окуучулары катышты.
Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айылында окуучуларга жол кыймыл эрежесин үйрөтүү максатында класстар аралык мелдеш өткөрүлдү.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы, социалдык өнүгүү башкармалыгы, айыл аймактары тарабынан уюшулган “Дүйнөм, ыйман сыймыгым — Кыргызстан” аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардар арасында спорттук мелдештер болуп өттү.
Т.Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинде Тогуз-Торо району боюнча калк менен иштөөчү адис Айбек Жеңишов айыл активистери менен биргеликте тренинг өткөрдү.
“Таза коом” долбоорунун алкагында Кара-Суу байланыш бөлүмүнө маалыматтык күркө коюлду. Иштөө үчүн сынак уюштурулуп, оператор тандалып алынды.
15-октябрь күнү Кыргызстандын президентин шайлоо Тогуз-Торо районундагы №2087 шайлоо участкасында ийгиликтүү өттү.
Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы Т.Сатыбалдиев орто мектебинин 9-классынын окуучулары “Мугалим кесиптердин төрөсү” деген темада кече уюштурушту.
Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айыл аймагынын кызматкерлери, айылдын демөөрчүлөрү тарабынан 1-октябрда Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынын кары адамдарына сый тамак уюштурулду.
Түп районуна караштуу Тасма айлындагы “Ананай” бала бакчасы жаңы эмеректерге ээ болду. Бала бакчага долбоордун негизинде жаңы шкаф, китеп, стол, парталар берилип, ошондой эле сыртка ойногонго чакан оюнчуктар орнотулуп, даараткана …
Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл аймагында учурда шайлоочулардын тизмеси такталууда. Шайлоо күнү жакындаган сайын өзүлөрүн тизмеден тактоо үчүн келген жергиликтүү тургундардын саны өсүүдө.
Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айлындагы мектептин курулуш иштери жүрүп жатат. Ушул жылдын ноябрь айына чейин колдонууга берилээри күтүлүүдө.
Тогуз-Торо районунда Кыргызстандын желеги жана «Тогуз-Торо Кыргызстандын географиялык борбору» деген президент Алмазбек Атамбаевдин сөзү орнотулду.
Азыркы тапта жайдын ысык аптабы жүрүп турган кез. Ар бир окуучу жайкы эс алуусун ар кандай өткөрөт.