Тогуз-Торо районунда Кыргызстандын желеги жана «Тогуз-Торо Кыргызстандын географиялык борбору» деген президент Алмазбек Атамбаевдин сөзү орнотулду.
Желекти илүү салтанаты 17-июлда болуп өттү. Ага айыл тургундары жана бийлик өкүлдөрү келип катышышты. Желек илинген түркүктүн бийиктиги 17 метр, ал эми желектин узун туурасы 3/2 метрди түзөт.
Желекти Сары-Булуң айыл аймагынын атуулу Марлис Олжотоев орноткон. Ал эмне үчүн муну орнотконун төмөнкүчө түшүндүрүп берди.
«Биздин айылга келген элдерге ушул кооз жерлерибизди көрсөтүп, районубуздагы чоң панорама болсун деген максатта курдук. Мунун каражатын эсептеген жокпуз, себеби бул желекти орнотуп жатканда элдин дагы чоң пайдасы тийди», — деди Олжотоев.
Салтанатты көргөнү келген айыл тургуну Тамара Курманалиева желекти орноткон Олжотоевге ыраазычылыгын билдирди.
«Бүгүн Кара-Суу айылында чоң той болуп атат. Марлис уулубуз туу көтөрүп атат, тууну дагы жөнөкөй эле адамдар көтөрө бербейт. Жаш болсо дагы ушул ишти көтөрүп атат. Буга чейин да мечитти түптөгөн ушул жигит болчу, мечит азыркы учурда да иштеп атат. Чың ден соолук узун өмүр каалайм», — деди Курманалиева.
Даярдаган: Рыскулова Нуриза