Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айлындагы мектептин курулуш иштери жүрүп жатат. Ушул жылдын ноябрь айына чейин колдонууга берилээри күтүлүүдө.
Мектептин директору В. Эпееванын айтымында, мектепти бүтүрүп берүү боюнча тиешелүү мекемелерге кат жөнөтүлгөн. Учурда мектептин окуу корпусу толугу менен курулуп бүттү. Ал эми мектептин курулушуна 10 млн сом бөлүнүп берилип, бирок бул акчанын ичине жылытуу системасы жана спорт залы киргизилбей калган.
«Айылдагы балдар бош убактыларын өткөрүүгө атайын спорт зал жок болгондуктан кылмыштуулук боюнча Кара-Суу айылы алдыңкы көрсөткүчтү көрсөтүүдө», — деп билдирди Эпеева.
Даярдаган: Рыскулова Нуриза