Жайыл районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан №7336-шайлоо участкасынын 15-октябрда боло турган президенттик шайлоого даярдыгы тууралуу кыскача баяндайбыз.
Гүлмир Жумалиева №7336-участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы. Анын айтымында, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү такталган.
«Президенттик шайлоого даярдыктар жакшы. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү такталды: төрайымы: Жумалиева Гүлмира, секретары: Алиева Нургүл, мүчөлөрү: Азаркулова Калбүбү, Какешова Айгүл, Жумагулова Ратха, Абдрасулова Айниза, Төрөбек уулу Илим», — деп токтолду Жумалиева.
Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү окуудан өтүп, шайлоо өткөрүү боюнча жалпы түшүндүрмө алышкан. Алдыда дагы бул боюнча окуулар уюштурулмакчы.
«Шайлоо тизмелери илинген, кимде ким тизмеде жок, же туура эмес болсо тактагыла эртерээк.
Шайлоого активдүү катышкыла!» — деп кошумчалады Жумалиева.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы