Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында жалпы 100гө жетпеген окуучу бар. Бирок ошого карабастан жыл сайын окуучуларды китеп менен камсыз кылуу көйгөйү жаралып келет.
Учурда Кара-Суу орто мектебинин окуучулары китеп ала башташты. Мектеп китепканачысы Айниза эженин айтымында, быйыл китептер эскирип, начар абалда.
“Өзгөчө 2-класстын китептери начар абалда. Жаңы китеп жок, жетпей жатат окуучуларга. Быйыл китеп үчүн аренда акысы киргизилет”, — деди китепканачы.
1-класстын мугалими Маруфат Насыранбекова быйыл окуучулардын саны көп болгондуктан китеп жетпей калганын айтат.
4-класстын мугалими Гүлмира Жумалиева кээ бир китептер жаңы келгени менен айрым сабактарда китептердин жетишсиздигинен улам кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн экенин билдирди.
“Адеп, математика жетишпей калды, калгандары толук жетти. Математика сабагын окутуу быйыл кыйынчылыкты туудурат”, — деди Жумалиева.
Даярдаган: Элина Азаркулова