Жайыл районунун Ставрополовка айылында 29-август күнү мечит ачылды. Мечиттин курулушун Сауд Аравиясынын “Ас салам” кайрымдуулук фонду каржылаган.
Ставропол айылынын имамы Дүйшөнкул аксакалдын айтымында, бул мечиттин курулушун Сауд Аравиясынын “Ас салам” кайрымдуулук фонду каржылаган.
«Кара-Балтадагы “Азирети Ислам” медресесинин ректору Исаков Халилдин да мечиттин айылыбызда курулуп калуусуна өз салымын кошту, курулушту болсо Өзбек ажы Чотонов өзү көзөмөлдөп, аягына чейин жүрүп, бизге өткөрүп берди», — деп билдирди айыл имамы.
Андан тышкары айыл тургундары Балбаев Догдурбек, Жээнбаева Насипа жана башкалар да жардам беришкен.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Насипа Жээнбаева “Ас салам” кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирип, мечиттин курулушу айылдын тургундарын тарбиялоодо ролу чоң болоорун белгилеп кетти.
Мечиттин ачылышы Курман айт майрамынын алдында болуп, демөөрчүлөр айылдагы кыз-келиндерге садага таратышты.
Өзбек Чотонов мечиттин курулушу тууралуу айтып, айыл тургундарын ыймандуу болууга чакырды.
Даярдагандар: Ашырова Кымбат, Бейшенбекова Гүлзада, Туратбеков Азирет.