«Орто Азиянын кочегары» деп аталган Сүлүктүдө кенчилердин кесиптик майрамы өзгөчө шаң менен белгиленип жатат.
«Кызыл Булак» көмүр өндүрүүчү компаниясында да өзгөчө шаң менен башталган аземде, шаар мэри, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, Даңк медалынын ээси Рахманберди Абдыназаров кенчилерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Сүлүктүдө расмий түрдө биринчи жолу 1868-жылдан баштап полковник Фавицский тарабынан кен казуу иштери жолго коюлгандыгы, көмүр кени сапаты боюнча Орто Азиядагы эң жогорку сапаттагы кен экендиги, 1960-1970-жылдары бир жылда 1 млн тоннага чейин көмүр өндүрүлүп жүргөндүгү жөнүндө маалымат берди. Андан кийин мамлекетибиз эгемендүүлүккө жетишкенде баштапкы учурда көмүр өндүрүү төмөндөп кетсе, кийинки мезгилдерде иш билги жетекчилердин күжүрмөн эмгеги менен кайра жакшы жолго коюлуп, өндүрүлгөн көмүрдүн дээрлик 70% ашыгы кошуна Тажикстан Республикасына экспорттолуп, мамлекетибиздин бюджетине салым кошуп жатканына токтолду.
Исманали Карабаев дагы эле болсо иш билгилиги менен башкаларга үлгү болуп, эң оболу пенсиядагы кенчилерге сый урматын көрсөтүп, белек-бечегин берди. Андан кийин кенчилерге мотивация берүү үчүн уюштурулган эмгектеги бригадалардын арасындагы, жеке кенчилердин арасындагы бир жылдык мелдештердин жыйынтыгын чыгарып жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу белектерин берди.
Сүлүктү шаарындагы Ардагерлер кеңешинин мүчөсү Саитислам аксакал куттуктоо сөзүндө Карабаевдин ак жүрөгү менен элине жасап келген меценаттыгына ыраазычылыгын билдирди.
Жыйын соңунда жалпы катышуучулардын атынан Кыргыз Республикасынын «Ардактуу Шахтеру» ардактуу эс алуудагы аксакал Асанбай Түркбаев Карабаев баштаган эмгек жамаатына жана жалпы сүлүктүлүк кенчилерге ак батасын берди.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров