Бүгүн Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде «1-сентябрь — билим күнү» белгиленди.
«Каникул мезгилинде жергиликтүү бийликтин, ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жалпы суммасы 500 миң сомдук каражат сарпталып, мектебибиз ремонттон өткөрүлүп, шарттар жакшыртылды. 2017-2018-окуу жылына мектебибиз толугу менен даяр. Окуучулардын саны болсо жылдан жылга өсүүдө. Быйылкы жылы төрт 1-класс ачылуусу күтүлүүдө», — деп билдирди Исхак Раззаков атындагы №7-орто мектебинин директору Бактыгүл Сабурова.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров