Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында ар аптанын жума күндөрү базар болот. Базар тууралуу кыскача баяндап беребиз.
Бул базардан Токтогул шаарынын жана алты айылдын соодагерлери келип, соода кылышат. Андан сырткары ошол эле Терек-Суу, Чоң-Арык, Чолпон-Ата, Кара-Күнгөй, Ак-Тектир, Мазар-Суу айылынын тургундарына ыңгайлуулук жаралат. Себеби, керектүү азык-түлүк, кийимдерди райондун борборуна барып, жол кире коротпостон, ушул жерден ала алышат.
Башында мал базар болуп башталган, кийинчерээк Токтогулдан соодагерлер келип, кийим-кече, азык-түлүк сата башташкан.
Базардын 2003-жылдан берки башчысы Кенже Жангарева төмөнкүлөрдү айтты:
— 2003-жылы сатып алганбыз. Токтогулдан жана бул жактагы алты айылдан соодагерлер жана кардарлар келишет. Соодагерлер жумасына бир күн үчүн товарына жараша жана ээлеген ордуна жараша ижара төлөшөт. Биз өзүбүз айына түшкөн акчаны 3 пайызын салыкка төлөйбүз. Базардын тазалыгын өзүбүз көзөмөлдөйбүз.
Соодагер Анара Шатманованын айтымында, базардын шарттары аны канааттандырбайт.
“Базардын тазалыгы жакшы эле, бирок, шарттары канааттандырбайт, үстүлөрү ачык, жамгырда суу өтөт, ысыкта көлөкө жок. Өзүбүз үстүбүзгө материалдарды жаап алып отурабыз. Навестерди коюп, шарттарын жакшыртышса жакшы болмок”, — дейт ал.
Терек-Суу айылындагы базарда он жылдан бери соода кылган Зайырбек Шатманалиев, базардын тазалыгы жана шарттары аны канаттандыраарын айтты.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы