Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында курман айт майрамдалды. Аны айылдын 1983-жылкы жигиттери уюштуруп беришти.
Курман айт майрамына карата Курама уулу Турусбек мектебине майрам уюштурушту. Майрамда спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, майрамдын катышуучуларына тамак-аш жана балмуздактар таркатылды.
Бул иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Гүлжигит Кудабаевдин айтымында, негизги максат курман айт майрамында аза күтпөй, шаңдуу майрамдоо керек экендигин айыл тургундарына жеткирүү.
“Биринчиден Терек-Суу айылынын тургундарын кирип келген курмана айт майрамы менен куттуктайм. Бул иш-чаранын максаты, негизинен айыл жергесинде айт күндөрүн аза күтүү күнүнө алмаштырып алдык да, кыркылык, жылдык өткөрүп, а негизи айт майрамында оюн-зоокторду уюштуруп, бири-бириникине айттап барып майрамдаш керек да, шарты ошондой экен да. Мына ушул нерсени элге жеткирүү негизиги максат болгон. Бул иш-чараны жылда өткөрүү боюнча сүйлөшүп, эстафета кылып, кийинки жылкыларга өткөрүп берип жатабыз, кийинки жылга. Биз негизи мындан дагы көп эл күткөнбүз, бирок жетиштүү эле эл келди деп ойлойбуз”, — деди Кудабаев.
Майрамда спорттун волейбол, футбол, шахмат, ал эми, улуттук оюндардан, ордо, аркан тартыш түрлөрү боюнча таймаштар өткөрүлдү.
“Өзүбүз классташтар менен чогуу демөөрчүлүк кылып жатабыз. Жалпы 40 миңдин тегерегинде каражат кетти, ал эми, байге фонду 20 миң сом. Бул майрамдын катышуучулары 1- 90 жашка чейинкилер, мындайча айтканда, айыл тургундары баары келип, даам ооз тийип, майрамага катышса болот. Ал эми мелдештин катышуучуларын экиге бөлдүк, жаштар 34 жаштан ылдыйкылар жана карылар 35 жаштан жогоркулар”, — деп кошумчалап кетти Кудабаев.
Майрамдын катышуучусу Урматбек Ашырбаев:
— Жакшы саамалыкты баштап, 1983-жылкы агаларыбыз курман айт майрамына курмандык чалып, айылдын элинин көңүлүн көтөрүү максатында майрам уюштуруп берип жатышат. Жылыга негизинен мындай нерсе болчу эмес, эми мындан ары буйруса, айылдын жаш муундары ушул демилгени көтөрүп, мындан ары уюштурулуп тура турган болду.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы