Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл аймагында учурда шайлоочулардын тизмеси такталууда. Шайлоо күнү жакындаган сайын өзүлөрүн тизмеден тактоо үчүн келген жергиликтүү тургундардын саны өсүүдө.
Бул тууралуу №2087 шайлоо участкасынын төрайымы Анара Мааметова билдирди.
“Бүгүнкү күндө биздин шайлоо участкада нөөмөт жадыбалы түзүлүп, комиссия мүчөлөрү иштеп жатышат. Элдер эс алуу күнүнө карабай тизме тактаганы келүүдө. Шайлоочулардын саны 1012ге жетти, бирок 10-октябрга чейин дагы толукталат, такталат. Себеби айрым шайлоочулардын аты-жөнү башка участкаларга катталып калгандар болууда. Ошондой эле башка аймактардан келин болуп келгендер, башка шаарларга же өлкөлөргө иштегени кеткендер такталып жатат”, — деп түшүндүрдү Мааметова.
Айылдагы шайлоо участкасы Кара-Суу орто мектебинде жайгашкан. Өзүн шайлоочу тизмесинен текшергени келген айыл тургуну Элзат Токоева:
— Мен тизмеде жок болгондугума байланыштуу №2 форма менен арыз толтуруудамын.
Дагы бир айыл тургуну Эсенбек Орозобеков өзүн тизмеден таппай калганын мындайча түшүндүрдү:
— Шайлоо участкасына мен өзүмдү тизмеден тактоо үчүн келгем. Мен тизмеде жок экенмин. Мени башка Кош-Булак айылына каттап коюшуптур. Ошондуктан №2 форма менен арыз жазып жатам.
Тогуз-Торо району боюнча 15 шайлоо участкасы бар, буга чейин шайлоочулардын саны соңку шайлоого ылайык 13 миң 634 адамды түзгөн.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова